Меню

Сатып алуунун аталышы: Сервер жабдууларын сатып алуу.

№1-лот: 6 сервер жабдууларын сатып алуу.

Жеткирүү мөөнөтү: Жеткирүү мөөнөтү 12 жумадан ашпашы керек.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү: 60 күн.

КӨК – Декларация.

Төлөм эсеп-фактура берилгенден кийин 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Толук маалымат тиркелген файлда берилген (техникалык мүнөздөмөлөр).

Квалификациялык жана башка талаптар:

  1. Акыркы эки жылдын ичинде аткарылган кеминде эки окшош келишимдин/кызматтын далилин берүү;
  2. Жеткирүүчү берилген программалык камсыздоону өндүрүүчүнүн расмий өнөктөшү же дистрибьютору болушу керек (MAF көрсөтүү);
  3. Түпнуска каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  4. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  5. Колдонулбагандыгын жазуу жүзүндө ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты берүү;
  6. КР Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынан салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнбөгөн карызынын жоктугун тастыктаган маалымкатты берүү (эгерде жеткирүүчү КРнын резиденти болсо);
  7. 1 жана 2-тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик арызды жана декларацияны (подрядчынын толук ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлуп, бекитилген компаниянын мөөрү басылган) берүү;
  8. Сунушталган жабдуулардын түрлөрү боюнча бөлүнгөн коммерциялык сунушту жана тендердик арыз берилген лот үчүн толтурулган техникалык мүнөздөмөсүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды берүү.

Баалоо жана жеңүүчүнү аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана техникалык мүнөздөмөлөрдүн шарттарына, ошондой эле эң төмөнкү баага ылайык аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер өз сунуштарын 2025-жылдын 8-октябрында саат 13:00гө чейин Tenders.kg аркылуу тапшырышы керек.

Бул сынакка байланыштуу суроолоруңуз болсо, 0700111887 номерине чалыңыз.

ТЗ-Сервера 24.09.25 г