Меню

Сатып алуунун аталышы: Отчет берүү жана маалыматтарды талдоо үчүн BI (Business Intelligence) тутумун сатып алуу.

Лот №1: Отчет берүү жана маалыматтарды талдоо үчүн BI (Business Intelligence) тутумун сатып алуу.

Жеткирүү мөөнөтү: Жеткирүү мөөнөтү 1 ай.

Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү:  30 күн.

КӨК – Декларация.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация жана техникалык тапшырма)

Башка талаптар:

BI тутуму кардардын инфраструктурасында (жерлерде) маалыматтарды локалдык түрдө сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Жеткирип берүүчү орнотуу пакеттерин, документтерди жана чечимди ишке ашыруу баскычында консультациялык колдоо көрсөтөт.

Квалификациялык талаптар:

Жеткирүүчү сунушталган BI системасын иштеп чыгуучунун расмий өнөктөшү же ыйгарым укуктуу реселлери болушу керек (тастыктоочу документтерди көрсөтүү).
Жеткирип берүүчү лицензияларды өткөрүп берүүнү жана зарыл болгон учурда техникалык тейлөөнү (техникалык колдоону) сатып алгандан кийинки экинчи жылдан баштап камсыз кылууга милдеттүү (кепилдик катты берүү).
Программалык камсыздоо рыногунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (кат менен камсыз кылуу).
Жеткирип берүүчүдө консультациялар үчүн кеминде 2 BI чечими боюнча сертификатталган адистер болгону жакшы (тиешелүү документтерди берүү).
Ири каржылык же IT уюмдарында BI тутумун киргизүү боюнча тастыкталган тажрыйба (коштоочу документтерди берүү).
Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
тиешелүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты (эгерде жеткирүүчү Кыргыз Республикасынын резиденти болсо);
№ 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик табыштаманы жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды камтыган коммерциялык сунушту берүү.

Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык келгенде, ошондой эле эң төмөнкү баада аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик табыштаманы 19.05.2025-ж. саат 10:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.

Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча 0700111887 номерине кайрылыңыз.

Тех. задание BI_25.04.2025 (1)