Меню

Сатып алуунун аталышы: Ош шаарындагы “БАПБ” ЖАКтын Персоналдаштыруу борбору үчүн 20-25 кВт кубаттуулуктагы дизелдик генератордук комплектти (ДГК), орнотуу менен кошо сатып алуу (кайталоо).

№1-лот: Ош шаарындагы “БАПБ” ЖАКтын Персоналдаштыруу борбору үчүн 20-25 кВт кубаттуулуктагы дизелдик генератордук комплектти (ДГК), орнотуу менен кошо сатып алуу.

Аяктоо мөөнөтү: Келишим түзүлгөн күндөн тартып 30 календардык күн.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү: 30 күн.

КӨК – Декларация.

Толук техникалык мүнөздөмөлөр тиркелген файлда берилген (техникалык мүнөздөмөлөр) _Техническое задание (Дизель-генераторной установки (ДГУ)) (5)

Квалификация жана башка талаптар:

1. Акыркы эки жылдагы эки окшош келишимдин/кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышы жөнүндө маалымат берүү (кошумча документтерди берүү);

2. Түпнуска каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсүн берүү;

3. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;

4. Тиешелүү эместигиңиздин жазуу жүзүндөгү тастыктоосун, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты берүү;

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугун тастыктаган маалымкат берүү;

6. Жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын (салыктарды, жеткирүүнү, орнотууну, тосмолоону ж.б. кошо алганда) кененирээк сүрөттөлүшү менен коммерциялык сунуш берүү;

7. Дизель генератордук агрегаттарын орнотууга байланыштуу электр энергиясы менен камсыздоо жана курулуш иштерин жүргүзүү жаатында иш-аракеттерди жүргүзүү укугуна лицензия жана/же сертификаттарды берүү;

8. №1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик арызды жана декларацияны (уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлуп, уюмдун мөөрү менен бекитилген) тапшыруу.

Баалоо жана жеңүүчүнү аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмаларга, ошондой эле эң төмөнкү баага ылайык аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик арыздарын 2026-жылдын 24-апрелинде саат 17:00гө чейин Tenders.kg аркылуу тапшырышы керек.

Бул тендер боюнча кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, +996999915577 номерине чалыңыз.