Сатып алуунун аталышы: Компьютердик жабдууларды сатып алуу.
Лот №1: 40 даана көлөмүндө ноутбуктарды сатып алуу.
Жеткирүү мөөнөтү: 10 жумушчу күн.
Конкурстук арыздын жарактуу мөөнөтү: 30 күн.
Төлөм эсеп-фактура берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жабдууларды кабыл алуу актысы боюнча жүргүзүлөт.
КӨК – Декларация.
Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)
Квалификация жана башка талаптар:
- Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү (жеткизүүчүдө Кыргыз Республикасынын рыногунда 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек);
Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
Тааныштыгынын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды бериңиз.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат берүү.
Техникалык мүнөздөмөлөрдү көрсөтүү менен жеткирилген товарлардын баасын баяндоочу коммерциялык сунушту берүү.
Акыркы 2 жылга ушул сыяктуу жабдууларды алып келүүгө 2 800 000,0 сомдон ашык суммага келишимдерди түзүү (тастыктоочу документтерди көрсөтүү).
Толтурулган конкурстук табыштаманы жана декларацияны (толук ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдун өкүлү кол койгон жана уюмдун мөөрү менен бекитилген) No 1 жана 2-тиркемеге ылайык берүү.
Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:
Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда, ошондой эле эң төмөнкү баа бар болсо аныкталат.
Бардык кызыкдар талапкерлер конкурстук табыштаманы 06.09.2024ж. чейин саат 16:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.
Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.