Меню

Сатып алуунун аталышы: Компьютердик жабдууларды сатып алуу.

Лот №1: 40 даана көлөмүндө ноутбуктарды сатып алуу.

Жеткирүү мөөнөтү: 25 жумушчу күн.

Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү: 30 күн.

Төлөм  эсеп-фактура берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде, жабдууларды кабыл алуу актысы боюнча жүргүзүлөт.

КӨК – Декларация.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)

Квалификация жана башка талаптар:

  1. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү (жеткизүүчүдө Кыргыз Республикасынын рыногунда 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек);
  2. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  3. Тааныштыгынын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
  4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат берүү;
  5. Техникалык мүнөздөмөлөрдү көрсөтүү менен жеткирилген товарлардын баасын баяндоочу коммерциялык сунушту берүү;
  6. Акыркы 2 жылга ушул сыяктуу жабдууларды алып келүүгө 2 800 000,0 сомдон ашык суммага келишимдерди түзүү (тастыктоочу документтерди көрсөтүү);
  7. Толтурулган конкурстук табыштаманы жана декларацияны (толук ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдун өкүлү кол койгон жана уюмдун мөөрү менен бекитилген) No 1 жана 2-тиркемеге ылайык берүү.

Жеңүүчүнү баалоо жана  аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда, ошондой эле эң төмөнкү баа бар болсо аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер 16.08.2024ж. Саат 11:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу конкурстук табыштамаларды бериши керек.

Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.

Тех. задание_ноутбук 09.08.24