Меню

Сатып алуунун аталышы: Компьютердик жабдууларды сатып алуу.

Лот №1: Компьютердик жабдууларды сатып алуу.

Жеткирүү мөөнөтү: Жеткирүү мөөнөтү 10 жумушчу күн.

Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү:  30 күн.

Сатып алуунун пландалган суммасы: 600 000,0 сом.

КӨК – Декларация.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык тапшырма)

Квалификациялык талаптар:

  1. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  2. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  3. Тиешелүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
  4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкатты берүү;
  5. № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик табыштаманы жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
  6. Жеткирүүчүнүн акыркы 3 жыл ичинде мамлекеттик же коммерциялык уюмдарга системалык блокторду (же ушуга окшош эсептөө техникасын) ийгиликтүү жеткирүү боюнча тажрыйбасы болушу керек (келишимдердин көчүрмөлөрү жана иштин аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар менен ырасталган);
  7. Тейлөө борборунун же ыйгарым укуктуу кызмат менен келишимдин болушу керек.                                                                                                                                                                                    Кепилдик жана гарантиядан кийинки тейлөөнү камсыз кылуу үчүн жеткирүүчүнүн өзүнүн ыйгарым укуктуу тейлөө борбору же бирөө менен келишими болушу керек (тастыктоочу катты көрсөтүү);
  8. Өтүнмө берилген лот боюнча коммерциялык сунушту жана толтурулган техникалык спецификацияны, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды берүү.

Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык келгенде, ошондой эле эң төмөнкү баада аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик табыштаманы 18.08.2025-ж. саат 11:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.

Бул тендер боюнча бардык суроолор боюнча 0700111887 телефону аркылуу кайрылыңыз.

Техническое задание системные блоки