Меню

Сатып алуунун аталышы: Фирмалык буюмдарды сатып алуу.

Лот №1: Фирмалык буюмдарды сатып алуу.

Жеткирүү мөөнөтү: 7 календардык күн.

Конкурстук табыштаманын жарактуу мөөнөтү: 30 күн.

Сатып алуунун пландалган суммасы: 450 000,0 сом.

КӨК – Декларация.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык тапшырма)

Башка талаптар:

  1. Өлчөм диапазону жана саны боюнча ийкемдүүлүк – стандарттуу эмес өлчөмдөгү диапазон менен иштөө жөндөмдүүлүгү жана чакан көлөмдөн чоң көлөмгө чейинки партияларды тигүү даярдыгы.
  2. Тигилген кийимдердин үлгүлөрүн (футболкалар жана панамалар), кардарлардын логотиби менен конкурстук табыштама ачылган учурдан тартып 2 жумушчу күндүн ичинде берүү.

Квалификациялык талаптар:

  1. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
  2. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  3. тиешелүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
  4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат берүү;
  5. № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик табыштаманы жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
  6. Коммерциялык сунуш берүү;
  7. Аткарылган иштердин портфолиосун берүү;
  8. Рынокто иш тажрыйбасы – текстиль буюмдарын өндүрүүдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (тастыктоочу документтерди көрсөтүү).

Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык келгенде, ошондой эле эң төмөнкү баада аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик табыштаманы 04.07.2025-ж. саат 11:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.

Бул тендер боюнча бардык суроолор боюнча 0700111887 телефону аркылуу кайрылыңыз.

_Тех. задание бренд. прод. (3)