Сатып алуунун аталышы: Борборлоштурулган маалымат кампасын (DWH) ишке ашыруу үчүн сатуучу кызматтарды сатып алуу.
Лот №1: Борборлоштурулган маалымат кампасын (DWH) ишке ашыруу үчүн сатуучу кызматтарды сатып алуу.
Конкурстук арыздын жарактуу мөөнөтү: жеңүүчү аныкталганга чейин.
КӨК – Декларация.
Квалификация жана башка талаптар:
- Камсыздоочу жабдууну өндүрүүчүнүн расмий өнөктөшү болушу керек (тастыктоочу документтерди көрсөтүү);
- Борборлоштурулган маалымат кампасын (DWH) ишке ашыруу учурунда Катышуучунун сунуш кылынган СУБД менен иштөө үчүн квалификациясын тастыктаган сертификаттары бар компанияда 3 кызматкердин болушуна кепилдик кат берилиши керек, бул кызматкерлердин тиешелүү СУБД сатуучудан сертификаттары болушу зарыл;
- Подрядчынын келишимдер жана сунуш каттары менен тастыкталган DWHди ири каржы институттарында, банктарда же байланыш операторлорунда ишке ашыруу тажрыйбасы бар болуш керек;
- Каттоо күбөлүгүнүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
- Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
- Тааныштыгынын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан акыркы отчеттук мезгилдин датасына салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат (эгерде жеткирүүчү Кыргыз Республикасынын резиденти болсо);
- Көрсөтүлгөн кызматтардын баасын жана бир жылдык техникалык колдоонун баасын сүрөттөгөн коммерциялык сунушту берүү;
- Акыркы 2 жылда берилген ушул сыяктуу жабдууларга контракттарды берүү (тастыктоочу документтерди берүү) аткарылган иштердин сертификаттары менен;
- Толтурулган конкурстук табыштаманы жана декларацияны (толук ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдун өкүлү кол койгон жана уюмдун мөөрү менен бекитилген) No 1 жана 2-тиркемеге ылайык берүү.
Башка талаптар:
- Камсыздоочу кепилдик кызматын, сапаты начар же бузулган товарларды Кардардын аймагында же Кепилдиктин жана кепилдиктен кийинки мөөнөттөрдүн ичинде Камсыздоочунун тейлөө борборунда алмаштырууну камсыздайт.
- Кардардын программалык-аппараттык комплексин өткөрүп берүү үчүн кабыл алуу актысы тапшырылган жана таризделген күндөн тартып жеткирүүчү техникалык колдоо көрсөтөт.
- Камсыздоочуга негизги талаптар №3 тиркемеде баяндалган.
Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:
Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда аныкталат.
Бардык кызыкдар талапкерлер (резиденттер жана резидент эместер) 2024-жылдын 12-апрелине чейин саат 15:00гө чейин tender@ipc.kg электрондук дарегине файлга кирүү үчүн сырсөз коюу менен конкурстук табыштаманы тапшырышы керек. Сунуштун өз убагында ачылышын камсыз кылуу үчүн файлдын сырсөзү да жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлүш керек.
Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.