Меню

Сатып алуунун аталышы: Аралыктан иштөө үчүн лицензияланган программалык камсыздоону сатып алуу.

Лот №1: Аралыктан иштөө үчүн лицензияланган программалык камсыздоону сатып алуу.

Жеткирүү мөөнөтү: Келишим түзүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде.

Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү: 30 күн.

КӨК – Декларация.

Төлөм  эсеп-фактура берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде иштин аяктагандыгы жөнүндө акт боюнча төлөнөт.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)

Жеткирүүчүлөр үчүн талаптар:

  1. Коопсуздук боюнча адистиги бар өнөктөштөр кабыл алынат.
  2. Түпнуска MAFтын болушу жана берилиши кабыл алынат.

Квалификация жана башка талаптар:

  1. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү (жеткизүүчүдө Кыргыз Республикасынын рыногунда 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек);
  2. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  3. Тааныштыгынын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
  4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат берүү;
  5. Көрсөтүлгөн кызматтардын баасын сүрөттөгөн коммерциялык сунушту берүү;
  6. 700 000,0 сомдон ашык суммага акыркы 2 жылда берилген ушул сыяктуу жабдууларга келишимдерди түзүү (тастыктоочу документтерди көрсөтүү);
  7. Толтурулган конкурстук табыштаманы жана декларацияны (толук ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдун өкүлү кол койгон жана уюмдун мөөрү менен бекитилген) No 1 жана 2-тиркемеге ылайык берүү;
  8. Жабдуучу берилген Лицензияны өндүрүүчүнүн расмий өнөктөшү болушу керек (тиешелүү документтерди көрсөтүү).

Жеңүүчүнү баалоо жана  аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда, ошондой эле эң төмөнкү баа бар болсо аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер14.10.2024ж. саат 11:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу конкурстук табыштамаларды бериши керек.

Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.

_Тех. задание лицензия