Сатып алуунун аталышы: Антивирустук программаны сатып алуу.
Лот №1: Антивирустук программаны сатып алуу.
Кызматтын баасы: 2 568 279,0 сом.
Жеткирүү мөөнөтү: Жеткирүү мөөнөтү 5 жумушчу күн.
Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү: 30 күн.
КӨК – Декларация.
Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)
Квалификация жана башка талаптар:
- Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
- Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
- Тиешелүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат берүү;
- № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик табыштаманы жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
- 2ден кем эмес окшош контракттарды/кызматтарды аткаруу жөнүндө маалымат берүү;
- Уруксат катын (MAF) берүү;
- Өтүнмө берилген лот боюнча коммерциялык сунушту жана толтурулган техникалык спецификацияны, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды берүү.
Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:
Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык келгенде, ошондой эле эң төмөнкү баада аныкталат.
Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик табыштаманы 28.03.2025-ж. саат 10:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.
Бул тендер боюнча бардык суроолор боюнча 0700111887 телефону аркылуу кайрылыңыз.