Меню

Жыл сайын марттын аягында – апрелдин башында дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүнүн финансы-кредиттик уюмдары жана билим берүү мекемелери Global Money Week эл аралык кампаниясынын (“Бүткүл дүйнөлүк Акча Жумалыгы”) алкагында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуучу ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт. “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК ошондой эле өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер үчүн иш-чараларды кошо алганда бир катар активдүүлүктү уюштурду.

“Банктар аралык Процессинг Борборунун” өнүмдөрдү иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Ажар Сабыракун борбор калаанын 24-чү Гимназияда конок сабагында чакырылган лектордун ролун аткарды.

  • “Кыргызстанда “Элкарт” картасынын үч жарым миллиондон ашык колдонуучусу бар, алар күн сайын биздин улуттук карталарыбызды, “Элкарт Pay” функционалын, виртуалдык карталардын мүмкүнчүлүктөрүн, “Элкарт Мобайл” тиркемесин, ELQR жана башка көптөгөн продукттарды жана кызматтарды колдонушат”, – деди Ажар сабыракун. – “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК “Элкарт” Улуттук төлөм системасынын катышуучулары менен биргеликте Кыргызстанда накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү үчүн инфраструктураны гана киргизбестен, биздин банк рыногу үчүн инновациялык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүп келе жатат”.

Диалог жандуу жана албетте пайдалуу болуп өттү, анткени жакынкы келечекте жаштар банк карталарын жана заманбап санариптик чечимдерди активдүү колдоно башташат. Жайбаракат маектешүүнүн жүрүшүндө балдар “Элкарт” улуттук төлөм системасы, накталай эмес төлөмдөр жана которуулар, карттарды пайдаланууда коопсуздуктун негизги эрежелери жөнүндө көп нерселерди билишти, ошондой эле финансылык пландоонун маанилүүлүгү темасын козгошту.

Кызыктуу жана билим берүүчү сабак үчүн “Банктар аралык Процессинг Борборуна” ыраазычылык билдирип, жаш угуучулар жаңы билим, позитивдүү эмоциялар менен, ал эми эң активдүүлөрү – “Элкарт” Улуттук төлөм системасынын эстелик сувенирлери менен үйлөрүнө жөнөштү.