«БАПБ» ЖАК (Элкарт) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Alipay+ менен биргеликте «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн эл аралык QR-төлөмдөрдү расмий түрдө ишке киргизди.
Кыргызстан үчүн бул тарыхый окуя жана өлкөнүн санариптик каржы экосистемасын өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.
Эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө да сатып алууларды кадимки ыкма менен – «Элкарт Мобайл» аркылуу QR-кодду сканерлеп төлөй алышат. Алмашуу жайлары, накталай акча же чет элдик электрондук капчыктарды ачуу зарылдыгы жок.
Баштапкы этапта сервис төмөнкү өлкөлөрдө жеткиликтүү болду:
– Казакстанда
– Малайзияда
16-июндан тартып Кытай кошулат, ал эми айдын аягына чейин долбоордун географиясы Alipay+ эл аралык тармагы аркылуу 60тан ашык өлкөгө чейин кеңейет.
Колдонуучулар үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү: «Элкарт Мобайл» аркылуу түз төлөм жүргүзүү, тиркемедеги курс боюнча автоматтык конвертация жана комиссиянын жоктугу.

Жалпысынан, бул өлкөнүн каржы инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү жаңы этап болуп саналат. Мурда эл аралык санариптик төлөмдөр негизинен чет өлкөлүк сервистер менен байланышса, эми кыргызстандыктар өзүнүн улуттук тиркемесин өлкөдөн тышкары да колдоно алышат.
«Биз бул багыттагы иштерди 2025-жылдын сентябрь айында баштап, кыска мөөнөттө эл аралык интеграцияны ишке ашырдык», – деп белгиледи «БАПБ» ЖАК Башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков.
Долбоор санариптик экономика, чек аралык төлөмдөр жана заманбап каржы кызматтарын өнүктүрүү боюнча өлкө жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган милдеттердин алкагында ишке ашырылды.
Миллиондогон колдонуучулар үчүн бул жөн гана жаңы функция эмес, жашоону жеңилдеткен реалдуу мүмкүнчүлүк: саякаттоо, окуу, иштөө жана чет өлкөлөрдө сатып алуулар эми Кыргызстандагы тааныш санариптик куралдардын жардамы менен жеткиликтүү болууда.
