Меню
«Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАК («Элкарт» Улуттук төлөм системасынын оператору) 2023-жылдын 5-апрелинен тартып OFAC (Чет элдик активдерди көзөмөлдөө бөлүмү – АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөөгө жооптуу бөлүмү) тарабынан киргизилген санкциялар менен байланыштуу «Улуттук төлөм карт системасы» АК («Мир» төлөм системасынын оператору) менен болгон мамилесин токтотуп жаткандыгын эскертет. «Элкарт» УТСнын катышуучу банктарынын инфраструктурасында орусиялык «Мир» ТСнын төлөм карталары боюнча операцияларды тейлөө 2024-жылдын 3-апрелинен тартып токтотулду.
Бул чечимди кабыл алуу себептери: биринчиден, АКШнын экинчи даражадагы санкцияларынын коркунучун болтурбоо максатында, экинчиден, «Элкарт» Улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана үчүнчүдөн, бардык программалык камсыздоону жеткирүүчүлөр, эл аралык өнөктөштөр жана «БАПБ» ЖАК процессинг борбору катары иш алып барган системасынын катышуучулары менен болгон мамилелерди колдоо максатында.
«БАПБ» ЖАК Улуттук төлөм системасынын эгемендүүлүгүн камсыз кылууга жөндөмдүү көз карандысыз түзүм болуп саналат. «БАПБ» ЖАКтын бардык өнөктөштөрү менен жергиликтүү жана эл аралык мамилелери өз ара колдоо, узак мөөнөттүү кызматташуу жана кызыкчылыктардын коомчулугунун принциптерине негизделген.
«БАПБ» ЖАК тез жана ачык баарлашуусу, ошондой эле Кыргызстандын калкы үчүн заманбап карттык жана санариптик кызматтардын тизмесин ийгиликтүү өнүктүрүү жана андан ары кеңейтүү үчүн технологиялык чечимдерди колдоо үчүн өзүнүн жеткирүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирет.