Меню

2024-жылдын 23-февралында OFAC (Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси – АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерге көзөмөл жүргүзүү үчүн жооптуу бөлүмү) Мир төлөм системасынын карт оператору – «Улуттук төлөм карт системасы» АКуна каршы санкцияларды киргизген. Экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдигин минималдаштыруу үчүн, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК «Элкарт» улуттук төлөм системасынын («Элкарт» УТС) үзгүлтүксүз иштешинин гаранты катары, 2024-жылдын 5-апрелинен баштап «УТКС» АК менен мамилелеринин токтотулушун маалымдайт.

Бири-биринин төлөм системаларында карталардын тейлөөсүн өз ара токтотулушуна байланыштуу, тактап айтканда, “Элкарт” улуттук төлөм системасынын тармагында «Мир» төлөм системасы («Мир» ТС) жана Өнөктөштөрдүн төлөм системаларынын (ӨТС) карталарын тейлөө; «Мир» ТС жана ӨТС тармагында – “Элкарт” УТСнын карталарын тейлөө, колдонуучулар үчүн 2024-жылдын 3-апрелинен баштап саат 12:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) төмөнкү операциялардын түрлөрү жеткиликсиз болуп калат:

  • эквайринг аппараттарында карталарды тейлөө (POS терминалдарда накталай эмес төлөмдөр жана банкоматтардан накталай акча алуу);
  • картадан картага которуулар;
  • e-commerce: карталардан соода жана тейлөө ишканаларынын эсептерине интернет төлөмдөр.

«Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАК улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана анын толук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Кыргыз Республикасынын аймагында “Элкарт” УТСтин банктык карталарын бардык банктык түзмөктөрдө эч кандай чектөөсүз тейлөө улантылат.