Өз потенциалыңызды ишке ашырууну, бийик максаттарга жетүүнү, ийгиликтүү профессионалдар командасынын бир бөлүгү болууну каалайсыз, анда биз сиздерди күтөбүз!
Функционалдык милдеттери:
- Тобокелдиктерди тескөөгө карата методологиялык мамилени аныктаган ички ченемдик документтерди иштеп чыгуу, ошондой эле зарылдыгына жараша өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Тобокелдиктерди башкаруу процессин колдоо жана тобокелдиктерди башкаруу маданиятын өнүктүрүү;
- Тобокелдиктерге жооп кайтаруу жана минималдаштыруу чараларын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, тобокелдиктерди ишке ашыруунун кесепеттерин жоюуну уюштуруу;
- Тобокелдиктерди башкаруу системасынын абалын талдоо жана болжолдоо, критикалык бизнес-процесстерди жана тобокелдик булактарын аныктоо, капиталдын, финансылык ресурстардын жана тобокелдиктерди башкарууга арналган резервдердин жетиштүүлүгүн баалоого катышуу, алдын алуу иш-чараларын пландаштыруу;
- Өз компетенциясынын чегинде тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча коомдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
- Тобокелдиктерди башкаруу боюнча ички отчеттуулукту даярдоо жана берүү;
- Тобокелдиктерди тескөө боюнча иш-чаралардын бекитилген пландарын аткаруу
Талапкерге коюлган талаптар:
- Жогорку экономикалык (финансылык) же техникалык билим;
- Финансы-кредиттик мекемелерде (банктар, МФУ), төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин жөнгө салган мыйзамдарын билүү;
- Банк мыйзамдарын билүү;
- Тобокелдиктерди тескөө стандарттарын жана принциптерин билүү;
- Төлөм продуктылары,операциялар, кызмат көрсөтүүлөр, кардарлардын операциялары жана төлөм уюмунун / төлөм системасынын операторунун ишине мүнөздүү потенциалдуу тобокелдиктер тууралуу билим;
- Бизнес-процесстерди тобокелдик зоналарынын бар экендиги боюнча талдай билүү;
- Чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө көндүмдөрү;
- Компьютерди колдонуучу көндүмдөр;
- Аналитикалык акыл.
Сизге эмне сунуштай алабыз:
- Элкартта масштабдуу, татаал жана чындыгында кызыктуу долбоорлордун үстүндө иштөө,;
- КР ЭК боюнча расмий ишке орноштуруу • оорулуалык, өргүү 28 календарлык күн);
- Эмгек акынын атаандаштык деңгээли (эмгек акы + бонустар);
- Жылына 1 жолу иштин жыйынтыгы боюнча индекстөө;
- Команда ичинде үзгүлтүксүз өнүгүү жана тажрыйба алмашуу;
- Тамак-аш жана транспорттук чыгымдардын ордун толтуруу;
- Компаниянын эсебинен профилдик окутуу мүмкүнчүлүгү;
- Социалдык кепилдиктер.
- Сизди биздин ынтымактуу компаниянын катарында көргүбүз келет!
- Талапкердин толтурулган анкетасын жана резюмесин “тобокел-менеджер” деген жазуу менен электрондук дарекке берүү hr@ipc.kg 31.05.2024-жылга чейин керек. Анкетаны расмий сайтынан тапса болот www.ipc.kg («БАПБ» ЖАКта карьерасы бөлүмүндө)