«Эмне үчүн IPC»?

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (мындан ары - IPC) Кыргыз Республикасынын туруктуу ишти жөнгө салган, ишенимдүү жана арымдуу өнүгүү жолуна багыт алган алдыңкы компания болуп саналат.

IPC – бул, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Процессинг борбору жана ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасынын оператору.

IPCте иштөө – бул, алга карай ишенимдүү кадам таштаган, болгон дараметин ачып көрсөтүү, эң эле кызыктуу жана ишеним арткан милдеттерди чечүү үчүн кесипкөйлүк өсүштү максат кылган өнүгүү мүмкүнчүлүгү. Мында, ар бир кызматкер ой-пикирин сунуштап, аны ишке ашыруу үчүн команда топтоо ыңгайына ээ.

Процессинг борборунда иштөөнүн пайдалалуугун тастыктаган башкы аргументтер:  IPC үчүн эмгек жамааты – бул, компаниянын эң негизги баалуулугу, ошондуктан компанияда социалдык жана кадр саясаты маселесинде эң жогорку эл аралык стандарттардын так сакталышы колдоого алынат.  Компания мурдатан бери колдонулуп, адатка айланган бюрократиялык жол-жоболордон жана формалдуулуктан баш тартып, иште ачык айкындуулукка, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылуу жана адистердин жеке жоопкерчилик алууга үндөө жагына басым жасайт. Албетте, компаниянын туруктуу өнүгүү жолунда! Ошондуктан, IPCтин ишин андан ары өркүндөтүү үчүн анын эмгек жамаатына кошулуп, команда мүчөсүнөн болууга чакырабыз!

     Компаниянын учурда эмгектенип жаткан кызматкерлери кесиптик билим деңгээли, иш билгилик жөндөмдүүлүгү менен татыктуу жетишкендик ээсинен болууга үлгүрүштү.

IPC таянган артыкчылыктар:

  • Алдыңкы сапта келе жаткан компания
  • Ишенимдүүлүк жана ийкемдүүлүк
  • Айкын бизнес- милдеттерди аткаруу
  • Кызматкерлерге кам көрүү
  • Кызмат абалынан жогорулатуу жана андан ары өнүгүүгө жол ачуу
  • Ойлогон ой-тилекке жетүүгө өбөлгө түзгөн команда 

ЖОГОРУДА МААЛЫМАТТАР МЕНЕН ТААНЫШКАНДАН КИЙИН БИЗ МЕНЕН ИШТЕГИҢИЗ КЕЛЕБИ?
Алдыга айкын максаттарды коюп, ага жетишүү үчүн жигердүү иштеген эмгекчил, талыкпай эмгек өтөп, татыктуу акыга ээ боло алган демилгелүү талапкерлерди Компаниянын командасында иштөөгө чакырабыз. 

Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин талаптарынын так сакталышын жана татыктуу материалдык сыйакылар гарантияланат. Ар бир кызматкер биз үчүн кымбат, алардын алга карай илгерилөөгө аракеттери, ой-тилектери колдоого алынып, кызмат ордунан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.