«Банктар аралык Процессинг Борбору» ЖАК (мындан ары – Процессинг борбору) Кыргыз Республикасынын туруктуу ишти жөнгө салган, ишенимдүү жана арымдуу өнүгүү жолуна багыт алган алдыңкы компания болуп саналат.
Процессинг борборунда иштөө – бул, алга карай ишенимдүү кадам таштаган, болгон дараметин ачып көрсөтүү, эң эле кызыктуу жана ишеним арткан милдеттерди чечүү үчүн кесипкөйлүк өсүштү максат кылган өнүгүү мүмкүнчүлүгү. Мында, ар бир кызматкер ой-пикирин сунуштап, аны ишке ашыруу үчүн команда топтоо ыңгайына ээ.
Компаниянын учурда эмгектенип жаткан кызматкерлери кесиптик билим деңгээли, иш билгилик жөндөмдүүлүгү менен татыктуу жетишкендик ээсинен болууга үлгүрүштү.
Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин талаптарынын так сакталышын жана татыктуу материалдык сыйакылар гарантияланат. Ар бир кызматкер биз үчүн кымбат, алардын алга карай илгерилөөгө аракеттери, ой-тилектери колдоого алынып, кызмат ордунан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.