Меню

Сатып алуунун аталышы: Бишкек ш., Ауэзова көч. 1/2 дареги боюнча жайгашкан  «БАПБ» ЖАКтын 3 кабаттуу имаратынын тышкы тармагын газдаштыруу боюнча кызматтар.

Лот №1: Бишкек ш., Ауэзова көч. 1/2 дареги боюнча жайгашкан  «БАПБ» ЖАКтын 3 кабаттуу имаратынын тышкы тармагын газдаштыруу боюнча кызматтар.

Аяктоо мөөнөтү: газдаштыруу иштерин 2024-жылдын 15-октябрына чейин бүтүрүү. Газ менен камсыздоо 2024-жылдын 25-октябрына чейин.

Конкурстук арыздын жарактуу мөөнөтү: 30 күн.

КӨК – Декларация.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык мүнөздөмөлөр жана долбоор)

Тышкы тармакты газдаштыруу боюнча иштер тиркелген долбоорго ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

Квалификация жана башка талаптар:

  1. Тиешелүү деңгээлдеги учурдагы газ менен камсыздоо лицензиясынын көчүрмөсүн берүү;
  2. Каттоо күбөлүгүнүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
  3. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  4. Тааныштыгынын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
  5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат берүү;
  6. Долбоорго ылайык коммерциялык сунушту берүү;
  7. № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган конкурстук арызды жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
  8. Газ түтүктөрүндөгү ширетүү иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген ишкананын жарактуу сертификаттарын берүү;
  9. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген газ тармактары менен иштөөгө уруксат берүү күбөлүктөрү.

Жеңүүчүнү баалоо жана  аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда, ошондой эле эң төмөнкү баа бар болсо аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер 01.10.2024ж. саат 10:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу конкурстук табыштамаларды бериши керек.

Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.

_Тех. задание прокладка газа _Проект ЗАО МПЦ 3-этажный офис Наружка Меж Меж1 Меж2