Өз ара иш алып баруу оператору
МАКСАТЫ:
- төлөм тиркемелеринин бири-бирине шайкештиги
- нак эмес төлөмдөрдүн артышы
МАКСАТЫ:
“Мерчант платформа” мүмкүнчүлүгү – бул, QR-кодун/ төлөм шилтемесин колдонуу менен төлөөлөрдү ишке ашыруу ыкмасы. Бул ыңгайлуулук соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын (же интернет-эквайрингдин) альтернативасы катары колдонулуп, QR-коду/ төлөм шилтемесин колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга өбөлгө түзөт.
Карттан картка акча которуулар (Р2Р которуулар) ЭЛКАРТ карт ээлерине веб-сервистер аркылуу “ЭЛКАРТ” төлөм системасынын ичинде карттан картка акча каражатын которууга өбөлгө түзөт.
Лоялдуулук программасы – бул, соода тейлөө ишканаларында же мындай ишканалар тармагында аталган кызмат көрсөтүүгө туташкан карт ээсине белгилүү бир сандагы акча бирдиги үчүн бонустук упайларды чегерүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган функционал.
Интернет-эквайринг – бул, интернет ресурстарда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүгө мүмкүндүк берген атайы программалык модулду/ сервисти колдонуу менен интернет аркылуу төлөм карттарын төлөөгө кабыл алуу ыкмасы.
ЭЛКАРТ Кредит карты- “ЭЛКАРТ” төлөм системасынын өзгөчө дизайнда даярдалган банкта/ кредиттик уюмда тейленген карт ээсине сунушталуучу банктык төлөм карт.
Процессинг борборуна коюулуучу бардык талараптарга жана коопсуздук эрежелерине жооп берүү аркылуу процессинг жана «VISA International», «Masterсard», «UnionPay» эл аралык төлөм системалары жана «МИР» төлөм системасы аркылуу нак эмес эсептешүүлөрдү камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр топтомун сунуштап келет.
2020-жылы «ЭЛКАРТ Контактсыз» (NFC модулу менен) банктык картты колдонууга сунушталган, ал үчүнчү бир адамдын картка колу тийбестен эле төлөмдөрдү ишке ашырууга жана сатып алууларга төлөө үчүн талап кылынган убакытты алда канча үнөмдөөгө өбөлгө түзө. Аталган карт аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында эле эмес, чет өлкөлөрдөн да товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү жөнгө салынган.
ЭЛКАРТтын “Социалдык төлөөлөр үчүн каралган карты” — аталган карт социалдык төлөөлөрдү жана жөлөк пулдарды ыңгайлуу жана коопсуз шартта алууну камсыз кылууга өбөлгө түзөт Социалдык карт аркылуу ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, салыктарды төлөп, дүкөндөрдөн сатып алган товарлар үчүн эсептешүүгө болот.
ЭЛКАРТ Бизнес карты – өзгөчө дизайнда чыгарылган, банк тарабынан карт ээсинин/ юридикалык жактын же жеке ишкердин банктагы эсебине карата чыгарылып берилген банктык төлөм карт.