Меню

Сатып алуунун аталышы: Видеобайкоо системасы үчүн жабдууларды жана орнотуу кызматтарын сатып алуу.

№1-лот: Видеобайкоо системасы үчүн жабдууларды жана орнотуу кызматтарын сатып алуу.

Аяктоо мөөнөтү: 30 календардык күн.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү: 30 күн.

Сатып алуунун болжолдуу суммасы: 400 000,0 сом.

КӨК – Декларация.

Толук маалымат тиркелген файлда берилген (техникалык мүнөздөмөлөр).

Квалификациялык талаптар:

  1. Түпнуска каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  2. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  3. Кирешеси жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты берүү;
  4. КР Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугун тастыктаган маалымкат берүү;
  5. 1 жана 2-тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик арызды жана декларацияны (подрядчынын толук ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлуп, уюмдун бекитилген мөөрү басылган) тапшыруу;
  6. Арыз берилген лот боюнча коммерциялык сунушту жана толтурулган техникалык мүнөздөмөлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды тапшыруу;
  7. Эки окшош келишимдин/кызматтын аткарылышы жөнүндө маалымат берүү (кошумча документтерди берүү).
  8. Honeywell сертификатын берүү.

Баалоо принциби жана жеңүүчүнү аныктоо:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана техникалык мүнөздөмөлөрдүн шарттарына, ошондой эле эң төмөнкү баага ылайык аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик арыздарын 2025-жылдын 28-августуна чейин саат 14:00гө чейин Tenders.kg аркылуу тапшырышы керек.

Бул тендер боюнча кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, 0700111887 номерине чалыңыз.

Тех. задание камера (1)