Сатып алуунун аталышы: Техникалык коопсуздук жабдууларынын комплексин тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу.
Лот №1: Техникалык коопсуздук жабдууларынын комплексин тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу.
Ишти аяктоо мөөнөтү: Квартал сайын.
Жеткирүү мөөнөтү: 30 күн.
КӨК – Декларация.
Төлөм төлөө үчүн эсеп-фактура берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде иштин аяктагандыгы жөнүндө акт боюнча төлөнөт.
Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык тапшырма)
Жеткирүүчүлөр үчүн квалификациялык жана башка талаптар:
- Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
- Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
- Тиешелүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат берүү;
- №1 жана №2 тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик табыштаманы жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
- Окшош келишимдердин/кызматтардын бар экендиги жөнүндө маалымат берүү;
- Жеткирип берүүчүдө Honeywell сертификаты болушу керек (тастыктоочу документтерди көрсөтүү);
- Коммерциялык сунушту жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды кошкондо, өтүнмө берилген лот боюнча толтурулган техникалык спецификацияны берүү.
Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:
Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык келгенде, ошондой эле эң төмөнкү баада аныкталат.
Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик табыштаманы 02.07.2025-ж. саат 14:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.
Бул тендер боюнча бардык суроолор боюнча 0700230166 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.