Меню

Сатып алуунун аталышы: Техникалык коопсуздук жабдууларынын комплексин тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу.

Лот №1: Техникалык коопсуздук жабдууларынын комплексин тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу.

Жеткирүү мөөнөтү: Квартал сайын.

Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү: 30 күн.

КӨК – Декларация.

Төлөм төлөө үчүн эсеп-фактура берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде иштин аяктагандыгы жөнүндө акт боюнча төлөнөт.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)

Квалификация жана башка талаптар:

  1. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн түпнуска сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  2. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  3. Тиешелүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
  4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат берүү;
  5. № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган тендердик табыштаманы жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
  6. Окшош келишимдердин/кызматтардын бар экендиги жөнүндө маалымат берүү;
  7. Жеткирип берүүчүдө Honeywell сертификаты болушу керек (тастыктоочу документтерди көрсөтүү);
  8. Коммерциялык сунушту жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды кошкондо, өтүнмө берилген лот боюнча толтурулган техникалык спецификацияны берүү.

Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык келгенде, ошондой эле эң төмөнкү баада аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик табыштаманы 16.07.2025-ж. саат 15:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.

Бул тендер боюнча бардык суроолор боюнча 0700230166 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Тех. задание по обслуживанию технических средств охраны