Меню

Сатып алуунун аталышы: Маалыматтарды иштетүү борборун (МИБ) куруу үчүн жабдууларды, материалдарды, буюмдарды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу.

Лот №1: Маалыматтарды иштетүү борборун (МИБ) куруу үчүн жабдууларды, материалдарды, буюмдарды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу.

Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү: 120 күн.

КӨК – Декларация.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана талаптар тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)

Квалификациялык талаптар

  1. Катышуучунун МИБди куруу боюнча тажрыйбасы болушу керек (инженердик-курулуш иштери, дизель-генератордук комплекстерди, YКЖ, СКС, муздаткыч системаларды ишке ашыруу, ысык-суук өтмөктө IT шкафтарын изоляциялоону уюштуруу). МИБди куруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн компаниялардын тизмесин ишке ашыруу жылын көрсөтүү менен берүү;
  2. Uptime институту тарабынан тастыкталган TIER III деңгээлиндеги МИБ долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбага ээ болуу абзел. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тастыктоочу документтерди же маалымат менен камсыз кылуу;
  3. Катышуучу Кардар үчүн МИБди курууда өзүнүн техникалык чечиминде өкүл болгон өндүрүүчүлөрдүн өнөктөшү болууга тийиш. Өнөктөштүк күбөлүктөрү, кызматташуу келишимдери же өнөктөш статусун тастыктаган өндүрүүчүлөрдүн каттары сыяктуу тастыктоочу документтер берилиши керек;
  4. Катышуучу ишке ашырылып жаткан маалымат борборунун жабдууларын тейлөө боюнча түздөн-түз квалификациялуу болушу керек (МИБдин негизги компоненттери үчүн: YКЖ, муздаткыч жабдуу, дизель-генератордук комплекстери) (тастыктоочу документтерди көрсөтүү);
  5. Сынактын катышуучусу болгон компанияда жабдууларды тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө компетенттүү болгон түздөн-түз сертификатталган инженерлер бар экендиги жөнүндө жабдууларды өндүрүүчүдөн катты камсыз кылуу;
  6. Катышуучу Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы “кара” тизмеде жок экендиги, Катышуучу банкроттук, жоюу, бөлүнүү же кайра уюштуруу процедураларында, OFAC жана EU санкциялык тизмелеринде БОЛБОШУ КЕРЕК; кызмат адамдары жана катышуучулары (акционерлер, уюштуруучулар) тергөөдө, кылмыш куугунтуктоо процессинде БОЛБОШУ , OFAC, EU санкцияларынын тизмесинде болбошу жана OFAC, EU тизмесинде санкцияланган компаниялар менен байланышы (аффилирленген) БОЛБОШУ КЕРЕК;
  7. Каттоо күбөлүгүнүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
  8. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  9. Тиешелүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде жетекчини дайындоо жөнүндө чечимдин сканерден өткөн көчүрмөсүн, жетекчинин паспортун берүү;
  10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты берүү (эгерде жеткирүүчү Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналса);
  11. № 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган конкурстук табыштаманы жана декларацияны (подрядчы уюмдун толук ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү.

Жеңүүчүнү баалоо жана  аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер (резиденттер жана резидент эместер) конкурстук арызды 17.02.2025-ж. саат 12:00гө чейин мөөр басылган Бишкек ш., Ауэзова көч. 1/2 дарегине тапшырышы керек.

Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.