Меню

Сатып алуунун аталышы: Кондиционерлерди оңдоо, монтаждоо, демонтаждоо жана тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу.

Лот №1: Кондиционерлерди оңдоо, монтаждоо, демонтаждоо жана тейлөө боюнча кызматтарды сатып алуу.

Конкурстук өтүнмөнүн жарактуу мөөнөтү:  30 күн.

КӨК – Декларация.

Товарларды жеткирүү мөөнөтү: Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылганга чейин.

Кызматтын баасы: *ЭСКЕРТҮҮ: Кондиционерлерди оңдоодо бузулуулардын жана запастык бөлүктөрүнүн так санын аныктоо мүмкүн болбогондуктан, катышуучу ТИЗМЕде кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдигине бааларды көрсөтүүсү керек, ага ылайык катышуучунун финансылык сунушу аныкталат. Тендердик документациянын талаптарына негизинен жооп берген жана кызмат көрсөтүүлөргө жана запастык бөлүктөргө баа менен сапаттын акылга сыярлык айкалышы бар сунушту берген жалпы бөлүнгөн суммага (200 000,0 сом) жеңүүчү менен КЕЛИШИМ түзүлөт.

Бардык толук маалымат тиркелген файлда берилген (техникалык тапшырма)

Квалификациялык талаптар:

  1. Жалпы көлөмү 50 000 сомдон кем эмес 2 окшош контракттарды/кызматтарды аткаруунун бар экендиги жөнүндө маалымат берүү – (тастыктоочу документтерди көрсөтүү).
  2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат берүү.
  3. Түпнуска каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсүн берүү.
  4. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү.
  5. Тааныштыгынын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү.
  6. ТИЗМЕдеги кызматтардын бирдигине коммерциялык сунушту берүү.
  7. Толтурулган тендердик табыштаманы жана декларацияны (бардык ыйгарым укуктары бар уюмдун өкүлү тарабынан кол коюлган жана уюмдун мөөрү менен бекитилген) №1 жана №2-тиркемеге ылайык берүү.

Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык келгенде, ошондой эле эң төмөнкү баада аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер тендердик табыштаманы 28.05.2025-ж. саат 10:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу бериши керек.

Бул тендер боюнча бардык суроолор боюнча 0700111887 телефону аркылуу кайрылыңыз.

ТЗ кондиционеры (2) (1)