Сатып алуунун аталышы: IBM QRADAR маалыматтык коопсуздук окуяларын башкаруу жана мониторинг системасы үчүн техникалык колдоону кеңейтүү үчүн кызматтарды сатып алуу.
Лот №1: IBM QRADAR маалыматтык коопсуздук окуяларын башкаруу жана мониторинг системасы үчүн техникалык колдоону кеңейтүү үчүн кызматтарды сатып алуу.
Жеткирүү мөөнөтү: 2024-жылдын аягына чейин.
Конкурстук арыздын жарактуу мөөнөтү: 30 күн.
КӨК – Декларация.
Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)
Квалификация жана башка талаптар:
- Акыркы 2 жылда 2 окшош контракттын/кызматтын бар экендиги жөнүндө маалымат берүү (тастыктоочу документтерди көрсөтүү);
- Каттоо күбөлүгүнүн түпнуска сканирленген көчүрмөсүн берүү;
- Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
- Тааныштыгынын жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат берүү;
- Көрсөтүлгөн кызматтардын баасын сүрөттөгөн коммерциялык сунушту берүү;
- Уруксат катын (MAF) берүү;
- Толтурулган конкурстук табыштаманы жана декларацияны (толук ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдун өкүлү кол койгон жана уюмдун мөөрү менен бекитилген) No 1 жана 2-тиркемеге ылайык берүү.
Жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо принциби:
Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда, ошондой эле эң төмөнкү баа бар болсо аныкталат.
Бардык каалоочулар 13.12.2024ж. саат 14:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу конкурстук табыштамаларды тапшырышы керек.
Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.