Меню

Сатып алуунун аталышы: Eset антивирустук программалык камсыздоосун жаңыртууларына жазылуунун узартылышын сатып алуу.

Лот №1: Eset антивирустук программалык камсыздоосун жаңыртууларына жазылуунун узартылышын сатып алуу.

Жумуштун бүтүрүү мөөнөтү: Жеткирүү мөөнөтү 15 жумушчу күн.

Конкурстук арыздын жарактуу мөөнөтү: 30 күн.

КӨК – Декларация.

Төлөм төлөө үчүн эсеп-фактура берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде иштин аяктагандыгы жөнүндө акт боюнча төлөнөт.

Бардык деталдуу техникалык мүнөздөмөлөр жана өлчөмдөр тиркелген файлда көрсөтүлгөн (техникалык спецификация)

Квалификация жана башка талаптар:

  1. Түпнуска каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  2. Түпнуска уставдын сканерленген көчүрмөсүн берүү;
  3. Таасирлүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү;
  4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат берүү;
  5. No 1 жана 2 тиркемелерге ылайык толтурулган конкурстук арызды жана декларацияны (толук ыйгарым укуктарга ээ подрядчы уюмдун өкүлү кол койгон жана уюмдун бекитилген мөөрү менен) берүү;
  6. Кеминде 2 окшош келишимдердин/кызматтардын бар экендиги жөнүндө маалымат берүү;
  7. Жеткизүүчү өндүрүүчүнүн компаниясынын расмий өнөктөшү же дистрибьютору болушу керек (тиешелүү документти көрсөтүңүз)
  8. Жеткизүүчү рынокто 2 жылдан кем эмес иштеши керек (тастыктоочу катты көрсөтүү);
  9. Мыйзам тарабынан талап кылынган бардык салыктарды жана жыйымдарды кошкондо, өтүнмө берилип жаткан лот үчүн коммерциялык сунушту жана толтурулган техникалык мүнөздөмөлөрдү берилиш керек.

Жеңүүчүнү баалоо жана  аныктоо принциби:

Жеңүүчү квалификациялык талаптар жана Техникалык шарттары аткарылганда, ошондой эле эң төмөнкү баа бар болсо аныкталат.

Бардык кызыкдар талапкерлер 09.12.2024ж. саат 11:00гө чейин Tenders.kg сайты аркылуу конкурстук табыштамаларды бериши керек.

Бул сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 0700111887.