Меню

MegaPay жана «Элкарт» УТС MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасынын бардык колдонуучулары үчүн масштабдуу акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт! 2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 16-мартына чейин POS-терминалдарда «Элкарт Pay» менен төлөө жана товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө NFC стикерлери, шакектери же билериктери менен контактсыз төлөө аркылуу «MEGA ЭЛКАРТ» картасы менен накталай эмес операцияларды жүргүзүп, баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө, анын ичинде башкы байге – Таиландга эки кишилик саякатка жолдомого ээ болуңуз.

«Элкарт Pay» деген эмне?

«Элкарт Pay» – бул NFC технологиясын колдогон түзүлүштөрдүн (мисалы, смартфондор, NFC стикерлери, билериктери же шакектери) жардамы аркылуу «Элкарт» картасы менен каржылык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү контактсыз төлөм системасы. «Элкарт Pay» жардамы менен колдонуучулар, жөн гана бул технологияны колдогон терминалга түзмөктү жакындатып, дүкөндөрдө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн тез эле төлөй алышат. Бул система төлөмдөрдүн ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана ылдамдыгын камсыздайт.

Акцияга кантип катышса болот?

1. MegaPay колдонмосунда «Айыл Банк» ААК эмитент-банктан «MEGA ЭЛКАРТ» виртуалдык картасын ачыңыз.
2. Сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төмөнкүлөр аркылуу төлөңүз:
o NFC түзмөктөрү (стикерлер, билериктер же шакектер);
o NFC модулун колдогон Android ОС базасындагы смартфон аркылуу контактсыз төлөм.

MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасын кантип ачуу, «Элкарт Pay» аркылуу NFC төлөмүн орнотуу жана NFC түзмөгүн кантип активдештирүүнү бул жерден тапса болот.

Байгелер жана акциянын этаптары:

Акция үч орто аралык этапта өткөрүлөт жана негизги этап менен аяктайт:
•    16.12.2024-жылдан 16.01.2025-жылга чейин: заманбап смартфон.
•    17.01.2025-жылдан 16.02.2025-жылга чейин: акылдуу колонка.
•    17.02.2025-жылдан 16.03.2025-жылга чейин: ноутбук.
Негизги этап 2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 16-мартына чейин: Жеңүүчү күнөстүү Таиландга эки кишилик жолдомого ээ болот! Жыйынтыктоочу байге Акциянын бүткүл мезгили ичинде, максималдуу санда эң көп төлөмдөрдү аткарган эң активдүү катышуучуга берилет.

Жеңүүчүлөр кантип тандалат?

Ай сайын төрт катышуучу сыйланат:
1. NFC түзмөктөрү аркылуу эң көп сандагы төлөмдөр үчүн.
2. NFC түзмөктөрү аркылуу максималдуу көлөмдөгү төлөмдөр үчүн.
3. Смартфон аркылуу эң көп транзакциялар үчүн.
4. Смартфон аркылуу максималдуу көлөмдөгү төлөмдөр үчүн.

Эмне үчүн катышуу керек?

• Бул ыңгайлуулук гана эмес, кадыресе сатып алуулар үчүн сонун белектерди алуу мүмкүнчүлүгү.
• ЭЛКАРТ Pay төлөм процессин мүмкүн болушунча тез жана коопсуз кылат.
• Башкы байге – Таиланддагы унутулгус эс алуу!

Ошондой эле, MegaPay’ден сонун белек бар – NFC төлөм стикерлери, аны төмөнкү MEGA тейлөө жана сатуу борборунан алса болот:
• Чүй пр., 155, «ЦУМ-Айчүрөк», бутик В17;
• Юнусалиев к., 177/2, «Бета Сторес – 2» соода борбору;
• Айтматов пр., 3, «Азия Молл» соода борбору, 0-кабат;
• Суюмбаева к., 123, компаниянын башкы кеңсеси;
• Ош шаары, Масалиев пр., 2 (ориентир – Каныкей эстелиги).

Стикерлерди алуу үчүн паспортуңуз менен көрсөтүлгөн MEGA кеңселерине кайрылыңыз. Шашылыңыз – саны чектелүү!

Сатып алууларды пайдалуу кылуу менен, белектердин укмуштуудай дүйнөсүн ачуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Азыр баштаңыз!