Урматтуу колдонуучулар! 2025-жылдын 13-мартында саат 01:00дөн 07:00гө чейин «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК («БАПБ» ЖАК) системаны жаңылоо боюнча пландуу техникалык иштерди жүргүзөт.
Бул мөөнөттүн ичинде төмөнкүлөр убактылуу иштебейт:
- банкоматтарда, төлөм түзүлүштөрүндө жана POS-терминалдарда «БАПБ» ЖАК базасында иштетилген ELQR жана карталар (Элкарт/VISA/UPI/MasterCard) боюнча операциялар;
- «Элкарт» карталары үчүн интернет төлөмдөр, кабарлоо кызматтары жана 3DS;
- «Элкарт Мобайл» жана «Элкарт Трейд» тиркемелериндеги кызматтар.
Система коопсуздукту, аткарууну жакшыртуу жана бардык процесстерди оптималдаштыруу үчүн үзгүлтүксүз жаңыртылып турат. Иш аяктагандан кийин «БАПБ» ЖАК кызматтары дагы да ыңгайлуу болуп, колдонуучулардын керектөөлөрүнө жана каалоолоруна ылайыкташат.
Керектүү операцияларды алдын ала жасоону сунуштайбыз жана түшүнүшүңүзгө үмүттөнөбүз.