23 – жылдын 2024-февралында OFAC (Office of Foreign Assets Control -АКШнын Финансы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө үчүн жооптуу бөлүмү) “Мир” карталарынын оператору болгон Улуттук төлөм карталар системасына (УТКС ) каршы санкцияларды киргизген.
Ушуга байланыштуу, “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК (БАПБ) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары россиялык УТКС менен кызматташуу жана өзүнүн инфраструктурасында “Мир” карталарын жеке тартипте кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл ала тургандыгын маалымдайт. Ошол эле учурда “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК, өз кезегинде, Улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешинин гаранты катары, экинчи санкциялардын тобокелдигин минималдаштыруу максатында коммерциялык банктар менен катышуучу банктардын инфраструктураларына чектөө чараларын киргизүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууда.
“Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК Улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин, анын эгемендүүлүгүн жана толук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.