Меню

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК “Элкарт” жана “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемесинин колдонуучуларына логиндерди, паролдорду жана башка жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөнү, ошондой эле шектүү ресурстарда өздөрүнүн жеке маалыматтарын ырастабоону сунуштайт.

 

Коопсуздук боюнча эксперттердин байкоолору боюнча, карталарды жана мобилдик тиркемелерди пайдалануучуларга жасалган алдамчылык чабуулдардын саны тынымсыз өсүп, чабуулчулар татаалдашып баратат. Ар кандай акцияларды, лотереяларды жана байге ойнотууларды жамынып, чабуулчулар кардарлардын каражаттарына уруксатсыз кирүү үчүн фишинг (фейк) сайттарга шилтемелерди жөнөтүшөт. Шылуундардын акыркы схемаларынын бири – атайын жабдуулардын жардамы менен мүмкүн болгон курмандыктардын жакындарынын үнүн туурап алуу.

Шылуундар кандай иш-аракет кылышат:

  • Алар интернет булактарынан колдонуучунун коомдук доменде калтырган маалыматтарын табат: үй-бүлөсү, достору, жумушу же хоббиси жөнүндө.
  • Алар үн билдирүүлөрүнө мүмкүнчүлүк алышат жана атайын программалар аркылуу үндүн көчүрмөсүн синтездейт.
  • Алар досторунун, туугандарынын же кесиптештеринин атынан бирөө менен байланышып, алардын үнүн туурап, керектүү маалыматтарды берүүгө же акча которууга мажбурлашат.

Жабырлануучу болуп калбоо үчүн:

  • Жеке жана каржылык маалыматтарды социалдык тармактарга жана башка коомдук ресурстарга жайгаштырбаңыз.
  • Чалуучулардын талабы боюнча эч кандай акча операцияларын жасабаңыз.
  • Эгер күмөн санасаңыз, ал алдамчылык эмес экенин далилдөө үчүн, анын атынан чалуу жасалып жаткан адам менен байланышыңыз.

Бул маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүңүз жана коопсуздугуңуз сиздин колуңузда экенин унутпаңыз!

Кичине эле күмөнүңүз болсо, маалыматты тактоо үчүн “Элкарт” картасын чыгарган банкка кайрылыңыз же расмий байланыш каналдары аркылуу «БАПБ» ЖАКтан кеңеш алыңыз: +996(312)637696; +996(312)637697; +996(555)637696; +996(500)637696; +996(777)637696; +996(550)990512; +996(550)990514; +996(772)027908; +996(772)028108; +996(701)002721; +996(701)002720

Расмий WhatsApp номери: +996(505) 637696

Telegramга расмий шилтеме: https://t.me/elkartbot