Меню

Кыргызстанда санариптик трансформация эми кыял эмес, ELQR жана “Элкарт” УТСнын оператору болгон “Банктар аралык процессинг борборунун” командасынын эмгегинин аркасында мүмкүн болгон реалдуулук.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп QR-код (ELQR) аркылуу накталай акчасыз төлөмдөрдүн өлкө боюнча масштабдуу долбоорун ишке киргизген Кыргызстан каржы рыногунун бардык катышуучуларын бирдиктүү санариптик мейкиндикке бириктире алды. Бул өлкөнү финансылык өз ара аракеттенүүнүн таптакыр жаңы деңгээлине – жөнөкөй, коопсуз жана ачык-айкын деңгээлге алып чыкты. QR төлөмдөр күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Алар ар түрдүү чөйрөлөрдө жигердүү колдонулат – товарларды жана кызматтарды төлөөдөн тартып мамлекеттик жана социалдык кызматтарды алууга чейин: коммуналдык төлөмдөр, салыктар, жол кирелер, айыптар жана башка көптөгөн кызматтар, кезексиз, керексиз комиссиялар жана ар кандай мекемелерге баруусуз.

Эң негизгиси, ELQR өлкөнүн бардык аймагында, ири шаарлардан эң алыскы бурчтарга чейин кабыл алынат. Сизге болгону смартфон жана ELQRды колдогон каалаган банктык колдонмого же электрондук капчыкка кирүү керек. Мындай технологиялар убакытты үнөмдөйт, процесстерди жөнөкөйлөтөт жана ар бир адам үчүн барган сайын жеткиликтүү болуп калат.

Бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес үчүн QR төлөм системасына активдүү катышуу мурдагыдан да маанилүү. Бул ыңгайлуулукка жана айкындуулукка карай кадам гана эмес, кардарлар базасын кеңейтүү, төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү жана сатып алуучулардын ишенимин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү.

Санариптик чечимдер келечек жөнүндө эмес, алар бүгүн жөнүндө! Ал эми бизнес заманбап куралдарды канчалык жигердүү колдоно баштаса, анын өсүшү ошончолук ишенимдүү болот, анткени QR төлөмдөрү жөн гана ыңгайлуу төлөм ыкмасы эмес. Бул Кыргызстандын жаңы финансылык маданиятынын бир бөлүгү, анда технология жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейт.

Жана “БАПБ” ЖАКтын командасы биздин күнүмдүк жашообузду жеңилдеткен, технологиялуураак жана эркин кылган санариптик чечимдерди иштеп чыгууну улантууда!