Меню

Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда өзүнүн өнүгүүсүнүн жыйырма жылдык тарыхында Банктар аралык Процессинг Борбору накталай эмес төлөмдөр үчүн күчтүү “Элкарт” Улуттук төлөм системасын түзүүгө жетишти, анын эгемендүүлүгүн жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылды.  Жаш жана амбициялуу команда муну менен эле токтоп калбастан, эки жыл мурун КМШ өлкөлөрүндө биринчилерден болуп бүткүл өлкө боюнча уникалдуу ELQR финансылык продуктуну ишке киргизген, ал төлөм рыногунун бардык катышуучуларын бириктирген жана өлкөнүн бүтүндөй төлөм системасын өзгөрткөн.

Кыска убакыттын ичинде QR кодун колдонуу менен төлөө Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн эң популярдуу ыкмаларынын бири болуп калды жана өлкөдөгү финансылык, мамлекеттик жана социалдык кызматтарды санариптик трансформациялоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул уникалдуу долбоорду ишке ашыруу өзүнүн жеке өнүгүүсүн ишке ашыра алган «БАПБ» ЖАК командасынын кесипкөйлүгүнүн, ошондой эле улуттук төлөм системасы кызматташкан өнөктөш компаниялардын заманбап технологиялык чечимдеринин аркасында мүмкүн болду.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын каржы рыногунун бардык катышуучуларын бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктирип, бардык төлөм системалары, электрондук капчыктар жана банктар ортосундагы бардык чек араларды өчүрө алган Кыргызстандын QR төлөмдөрүн киргизүү тажрыйбасы коңшу өлкөнүн банкирлерин чындап кызыктырат. Өлкөлөр келечекте экономикалык көз карандысыздыкты жана глобалдык стабилдүүлүктү камсыз кылуу, төлөм чечимдери боюнча чек ара кызматташтыгын кеңейтүү үчүн «БАПБ» ЖАКтын уникалдуу жолун кайталоого ниеттенишет.