2024-жылдын 24-октябрында UZCARD FORUM-2024 иш-чарасынын алкагында «Бирдиктүү Бүткүл республикалык процессинг борбору» ААКнун (UZCARD, Өзбекстан) Аткаруучу директору Олимжон Закиров жана «Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы (“Элкарт” Улуттук Төлөм системасынын оператору, Кыргыз Республикасы) Каныкей Жамангулова Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду. Ошентип, улуттук төлөм системаларынын жетекчилери эки мамлекеттин аймактарында: Өзбекстанда Элкарт карталары жана Кыргызстанда UZCARD карталары менен төлөмдөрдү өз ара кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү масштабдуу биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.
Меморандум эки өлкөнүн карт ээлери үчүн трансчек аралык транзакцияларды жөнөкөйлөтүү, трансчек аралык төлөмдөргө заманбап технологияларды киргизүү, жаңы санариптик чечимдерди илгерилетүү, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу системалар аралык интеграцияны түзүүгө багытталган.
«БАПБ» ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы Каныкей Жамангулова UZCARD төлөм системасындагы өзбек кесиптештерин 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, аларга жалпы ийгиликтердин жолунда ийгиликтерди каалады: «Улуттук төлөм системасы катары биздин милдетибиз акыркы технологиялык тенденцияларды ээрчип алуу гана эмес, аларды дүйнөлүк масштабда активдүү түзүү. UZCARD менен Меморандумга кол коюу Элкарттын узак мөөнөттүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Биздин төлөм системаларыбыздын кызматташуусу Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү элементине айланган кубаттуу аймактык финансылык технологиялык экосистеманы түзүүгө алып келет.
«Бирдиктүү Бүткүл республикалык процессинг борбору» ААКнун (UZCARD, Өзбекстан) Аткаруучу директору Олимжон Закиров: «Учурда UZCARD Өзбекстандын бардык 35 банкын эмиссия жана эквайринг тармагында тейлейт, ошондой эле 33 төлөм уюму менен кызматташат. Бүгүнкү күндө бизде 18 миллион активдүү карталар, 250 миңге жакын POS терминалдар жана 10 миңге жакын банкоматтар бар. Комиссиялык чыгымдар жана кызматташуунун укуктук аспектилери талкууланууда. Биз бардык катышуучулар – банктар, эквайерлер, эмитенттер жана, албетте, карт ээлери пайда көрүшү үчүн ыңгайлуу моделин түзүүгө умтулабыз”.
Улуттук төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясы эки өлкөнүн финансылык инфраструктурасы үчүн гана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачпастан, Кыргызстан менен Өзбекстандын башка көптөгөн тармактарында өз ара сооданы, туризмди жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берет.