Меню

Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнүнө карата “Кыргызстан банктарынын бирикмеси” ЮЖБ өлкөнүн мыкты финансисттерин сыйлады.

 

Жогорку кесипкөйлүгү, экономиканын финансы-кредиттик секторун өнүктүрүү жана КББ менен биргелешкен милдеттерди ишке ашырууга кошкон салымы үчүн «БАПБ» ЖАКтын мыкты кызматкерлери ыраазычылык каттары менен сыйланышты:

 

Дым Дмитрий Витальевич —Маалыматтарды талдоо жана процессинг системасынын башкаруусунун отчеттуулук бөлүмүнүн улук администратору;

Исбукаров Бактияр Түгөлович – Персоналдаштыруу башкармалыгынын төлөм карталарын персоналдаштыруу боюнча жетектөөчү адиси;

Сагындыкова Алтынай Сагындыковна – Процесстин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү кеңсесинин Эквайринг бөлүмүнүн адиси.

Кыргызстан банктарынын бирикмесинин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

КББнын сыйлыктары банк секторун өнүктүрүүгө жана КББнын ишмердүүлүгүнө олуттуу жеке салым кошкон инсандардын жогорку сиңирген эмгегин баалоонун бир түрү болуп саналат. Сыйлыктарды тапшыруу менен, КББ БАПБнун кесипкөйлөр командасы улуттук төлөм системасынын, банк секторунун жана бүтүндөй экономика тармагынын өнүгүүсү үчүн мындан ары да ушул эле жогорку деңгээлде иштей тургандыгына терең ишенимин билдирет.

«БАПБ» ЖАКтын мыкты кызматкерлерине ыраазычылык каттарды башкармалыктын төрайымы Жамангулова Каныкей Джолучуевна тапшырды. Ал бардык сыйлык алгандар өздөрүнүн күнүмдүк эмгеги менен улуттук төлөм системасынын жана Кыргызстандын бүткүл каржы системасынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келе жаткан, берилген адистер экенин баса белгиледи.

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жамааты кесиптештерин татыктуу сыйлыктары менен куттуктайт жана алардын иштеринде мындан аркы ийгиликтерди каалайт!