Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайбыз!
1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекеттик желек бекитилген. Эгемендүү Кыргызстандын биринчи туусу 1992-жылдын 5-мартында Бишкектеги Өкмөт үйүнүн имаратынын үстүнө көтөрүлгөн.
Кыргызстандын желеги мамлекетибиздин, эгемендүүлүгүбүздүн, демократиябыздын жана биримдигибиздин белгиси!
Башыбыздан бейпил асман, Кыргызстаныбызга бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайбыз.