13-августтан 14-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму өттү. Ага өкмөттүн, бизнестин, илимдин жана эксперттик коомчулуктун миңден ашуун өкүлдөрү катышты. Борбордук тема «Санариптик эгемендүүлүк экономикалык өсүштүн драйвери катары» болду.
«Санариптик каржылык чечимдер экономикалык өсүштү тездетүүнүн куралы катары» сессиясында «БАПБ» ЖАКтын Башкармасынын төрагасы Алтымыш Туратбеков сөз сүйлөдү. Ал компаниянын жакынкы пландары менен тааныштырды жана жаңы каржы инструменттеринин натыйжалуулугун баса белгиледи:
“Биздин приоритетибиз – “Элкарт” Улуттук төлөм системасын жана ELQR өз ара аракеттенүү операторун өнүктүрүү. Жыйынтыктар багыт туура тандалганын көрсөттү: 2025-жылдын биринчи жарымында эле “БАПБтын” продуктылары аркылуу 65 миллиондон ашык транзакциялар иштетилген. Бул резиденттердин санариптик чечимдерге көбүрөөк өтүп жатканынын көрсөткүчү”, – деди Туратбеков.
«Элкарт» УТСтин стенди форумдун борбордук аянтчаларынын бири болуп калды. Конокторго заманбап төлөм инструменттери – NFC шакектери, билериктери, стикерлери, ошондой эле өлкөнүн каржы рыногун бириктирген ELQR бирдиктүү QR коду тартууланды. Бул чечимдер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегацияларынын, ЖМК өкүлдөрүнүн жана бизнес өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду.
Форумдун катышуучуларынын жогорку кызыгуусу тандалган стратегиялык курстун тууралыгын жана компаниянын Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн тастыктады.
“БАПБ” күнүмдүк төлөмдөрдү ыңгайлуу кылып, ишкердик үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, санариптик кызматтарды андан ары өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.