«БАПБ» ЖАК командасы Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулган спорттук жарышка катышты.
Маанилүү окуяны чогуу бөлүшүү жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында иш-чарага коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын 750дөн ашык өкүлдөрү катышты. Жарыш үч жаш категориясы боюнча өттү: 35 жашка чейинкилер – 6 км, 36 жаштан 49 жашка чейинкилер – 6 км жана 50 жаштан жогоркулар – 3 км. Биздин команда бардык категориялар боюнча жарыштарын ийгиликтүү аяктап, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүштү. Мындай жарыштар кубат берип, жаңы ийгиликтерге шыктандырарына ишенебиз.
Биз Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына спортту жана жигердүү дене тарбияга кызыгууну жайылткан мындай масштабдуу иш-чараны уюштургандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.