«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (“БАПБ”) жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана жаштайынан акчага болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган Global Money Week эл аралык демилгесине катышуунун жакшы салтын улантууда.
Быйыл GMW 2025 алкагында “БАПБ” ЖАК атайын иш-чара уюштурду – өзгөчө билимге муктаж балдарды бириктирген «Спорт без преград» коомдук фондунун тарбиялануучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейине экскурсия.
Инклюзивдик долбоорлорду колдоо “БАПБ” ЖАКнун корпоративдик социалдык жоопкерчилик стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү, алардын өзгөчөлүктөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, ар бир бала үчүн жеткиликтүү болушу керек.
«Банктар аралык процессинг борбору» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бул демилгени колдоп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Музейдин кызматкерлерине рахмат, балдар акчанын жана сейрек экспонаттардын тарыхы менен таанышып гана тим болбостон, кызыктуу викторинага катышып, суроолорго активдүү жооп берип, өз таасирлери менен бөлүшүштү.
Экскурсия жылуу жана достук кырдаалда өттү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга кызыгуусу жана эрудициясы үчүн дем берүү белгиси катары сувенирлер тапшырылды. Мындай жолугушуулар балдардын чөйрөсүн кеңейтүүгө, жаңы билимдерди жана позитивдүү эмоцияларды алууга жардам берет.