Меню

2024-жылдын 10-июлунан 10-ноябрына чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген ишкерлер QR коддору аркылуу төлөмдөрдү кабыл алып, “QR Марафон” акциясына активдүү катышышты. Акциянын шарттарына ылайык, катышуучулар байгелерди алуу үчүн жалпы суммасы 80 000 сомдон жогору болгон 120дан кем эмес транзакцияларды жасашы керек болчу.

Күчтүү атаандаштыктын жана акциянын катышуучуларынын көптүгүнүн натыйжасында ар бир облуста жеңүүчүлөр аныкталды. Ошентип, биринчи үч орундун жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйланышты:

  • 1-орун – ноутбук
  • 2-орун – смартфон
  • 3-орун – зымсыз кулакчындар

Иш-чаранын уюштуруучулары бардык катышуучуларга FINCA Банкына жана ELQRге ишеним көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле бизнесте инновациялык чечимдерди активдүү ишке киргизгени үчүн ыраазычылык билдиришет.

Жаңылыктарга көз салыңыз – алдыда жаңы акциялар жана ийгилик үчүн мүмкүнчүлүктөр бар!