Меню

“Элкарт” Улуттук төлөм системасы чек ара аркылуу транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти: колдонуучулар эми каражаттарды Uzcard карталарына “ЭлкартМобайл” мобилдик тиркемеси аркылуу түз которо алышат.

Өзбекстанга которуу үчүн, жөн гана төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

  1. «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин ачыңыз.
  2. “Кызматтар жана төлөмдөр” → “Банктык кызматтар” бөлүмүнө өтүңүз.
  3. “Эл аралык банктык кызматтар” категориясын тандаңыз.
  4. “Өзбекстан карталарын толуктоо (Uzcard)” кызматын ачыңыз.
  5. Алуучунун картасынын номерин жана которуунун суммасын киргизиңиз.
  6. Маалыматтын тууралыгын текшерип, транзакцияны ырастаңыз.

Которуу бир нече секунданын ичинде аяктайт.

Бул кызмат бүгүнкү күндө колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болгон Өзбекстанга каражаттарды тез, ыңгайлуу жана коопсуз жөнөтүү жолун камсыз кылат.