2025-жылдын 16-июлунда маанилүү окуя болду – «Элкарт» Улуттук төлөм системасы («Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, Кыргызстан) менен UZCARD төлөм системасынын («Бирдиктүү Бүткүл республикалык процессинг борбору» АК, Өзбекстан).
Эми Кыргызстандын колдонуучулары Өзбекстанга «Элкарт Мобайл» тиркемеси аркылуу, ал эми Өзбекстандын жашоочулары «UNIRED»тиркемеси аркылуу которууларды жүргүзө алышат. Бул кадам экономикалык байланыштардын өсүшүнө, туризмди өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого, эки өлкөнүн калкы үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзө турган бирдиктүү каржылык экосистеманы түзүүгө багытталган.
“Төлөм системаларынын интеграциясы – бул технологиялык инновация гана эмес, эки өлкөнүн жакындашуусуна болгон кадам. Төлөм системаларынын унификациясы ачыктыкты, бири-бирин таанууну жана Борбордук Азияны тоскоолдуксуз өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын символдоштурат”, – деди “БАПБ” ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков.
“Элкарт менен бирге биз адамдарга багытталган инфраструктураны түзүп жатабыз. Бул ыңгайлуу жана коопсуз финансылык кызматтарга карай маанилүү кадам”, – деп кошумчалады UZCARD коммерциялык директору Олим Закиров.
Шилтеме:
UZCARD — Өзбекстандын улуттук төлөм системасы. Оператор болуп санариптик жана төлөм кызматтары чөйрөсүндө заманбап чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө адистешкен «Бирдиктүү жалпы республикалык процессинг борбору» АК саналат. «БРПБ» АКтын эсептешүү банкы «Универсал Банк» АКБ болуп саналат.