Урматтуу колдонуучулар! «Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАКсы («Элкарт» Улуттук Төлөм Системасынын оператору) Сиздин көңүлүңүздү алдоо жана сиздин акча каражаттарына жетүү максатында таратылып жаткан алдамчылык почта жөнөтүү фактыларынын көбөйүп жаткандыгына бурат. Шылуундар үчүнчү тараптын ресурстарына шилтемелер менен коштолгон арзандатуулар, белектер же жарнамалык сунуштар менен билдирүүлөрдү жөнөтүшөт.
Абайлаңыз! Белгисиз булактардан келген шектүү билдирүүлөр, атүгүл тааныш аккаунттар кибер алдамчылык аракети болушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, «Элкарт» Улуттук Төлөм Системасы эч качан мессенджерлер, почталар же башка байланыш каналдары аркылуу шектүү шилтемелер аркылуу картанын маалыматтарын сурабайт. Акыркы убакта шылуундар «Элкарт» брендин пайдаланып, жалган басылмаларды жасап жатышат. Бул жалган басылмалардын бири – “уурдалган акчаны кайтаруу боюнча расмий программа” бар делген билдирүү. Мындай билдирүүлөрдүн «Элкарт» УТСы менен эч кандай байланышы жок экенин расмий түрдө билдиребиз.
Өзүңүздү жана аманатыңызды коргоо үчүн:
- Эч качан шектүү шилтемелерди баспаңыз.
- Өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды (логиндер жана сырсөздөр) үчүнчү жактар менен бөлүшпөңүз.
- Жеке маалыматыңызды текшерилбеген сайттарга киргизбеңиз.
- Эгерде сизди кандайдыр бир шектенүүлөр же бир нерсе тынчсыздандырса, дароо расмий веб-сайтта көрсөтүлгөн расмий байланыш каналдары аркылуу колдоо кызматына кайрылыңыз.
Каражаттарыңызга кам көрүңүз жана текшерилген маалыматка гана ишениңиз!
«Элкарт» ар дайым жаныңызда!