Меню

«Элкарт» Улуттук Төлөм Системасы (мындан ары —«Элкарт» УТС) төмөнкүлөрдү маалымдайт: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын жөнгө салуучу режими чегиндеги лицензиясынын токтотулушунун негизинде жана «Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАКнын Башкармасынын чечими менен «Микрокредиттик компания «М Булак» ЖЧКсы  «Элкарт» УТСсынын  түз катышуучуларынын курамынан чыгарылганы бекитилди.

Түз катышуучу катары катышуунун токтотулушу, мүчөлүк мезгилинде пайда болгон милдеттемелерди аткаруудан уюмду бошотпойт. Чыгуу датасына чейин жүргүзүлгөн операциялар боюнча бардык эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык сөзсүз жана толук көлөмдө аткарылышы керек.

«МКК «М Булак» ЖЧКсынын карталары же жабдуулары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар боюнча талаш-тартыштар жаралган учурда, маселелер каржылык талашка жооптуу болгон эквайер же эмитентке расмий кайрылуу жөнөтүү жолу менен катышуучулардын ортосунда өз алдынча чечилет.

Бул маалыматты эске алууну өтүнөбүз.