Меню

Бүгүнкү жашоонун тез темпинде, өзгөчө маанилүү, сиздин каржыга тез жана коопсуз жетүү. «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси акчаны башкаруу процессин ыңгайлуу, жеткиликтүү жана эффективдүү кылат.

«Элкарт Мобайл» – бул ар бир банктын «Элкарт» карталарынын ээлери үчүн мобилдик тиркеме, ал күнү-түнү иштейт жана жеке каржыны толук көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар картанын номери, телефон номери же QR-код боюнча дароо акча которо алышат, электрондук капчыктарды толуктай алышат, 1000ден ашык ар кандай кызматтардын түрлөрүн төлөй алышат, насыяларды төлөй алышат, депозиттерди толуктай алышат жана ыңгайлуу көчүрмө аркылуу акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөй алышат.

Тиркеме коопсуздуктун жогорку деңгээлине, маалыматтарды көп деңгээлде коргоого ээ жана көптөгөн транзакцияларды комиссиясыз аткарууга мүмкүндүк берет. Тиркеме тынымсыз өркүндөтүлүп, жаңы функциялар кошулуп, интерфейс ар бир колдонуучу аны колдонууда өзүн ыңгайлуу жана ишенимдүү сезиши үчүн жакшыртылып жатат.

«Элкарт Мобайл» жүктөп алып, санариптик кызматтардын бардык артыкчылыктарынан пайдалана баштаңыз. Акчаңызды 24/7 жөнөкөй, ыңгайлуу жана пайдалуу башкарыңыз!