Бүгүнкү күндө карта жөн гана төлөм каражаты эмес, бул колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту, коопсуздукту жана жаңы артыкчылыктарды айкалыштырган бүтүндөй бир экосистема.
Элкарт+ карта ээлери “Манас” эл аралык аэропортунда атайын кызматтардан пайдалана ала тургандыгын эскертебиз.
Учуу алдындагы ыңгайлуулук — бизнес-залга кирүү 1300 сом.
Эми Элкарт+ карта ээлери аэропорттун бизнес-залынын ыңгайлуу шарттарында учуусун күтө алышат.
Бул жерде сиз ыңгайлуу отургучтарда эс алып, кофе ичип, түзмөктөрүңүздү кубаттап, жалпы залдын ызы-чуусунан алыс болуп, учууга тынч даярдана аласыз. Элкарт+ карта ээлери үчүн кирүү болгону 1300 сом.
Багажды таңгактоо — буюмдарыңыздын коопсуздугу 400 сом
Саякатты тынчсызданбай өткөрүү үчүн Элкарт+ карта ээлери дагы бир кызматтан пайдалана алышат: 400 сомго багажды таңгактоо. Тыгыз жана ишенимдүү таңгактоо чемоданыңызды бузулуудан жана кирден коргойт жана бул процесс бир нече мүнөттү гана талап кылат.
Элкарт+ ар бир жаңыртуусу продуктуну күнүмдүк жашоо үчүн универсалдуу курал болуу максатына жакындатат.
Карта төмөнкүлөрдү айкалыштырат:
- онлайн жана оффлайн төлөм опциялары;
- «Элкарт мобайл» тиркемеси менен интеграция, анда сиз ар кандай банктардын карталарын бир жерден башкара аласыз;
- Элкарт+ ээлери үчүн кошумча кызматтар жана артыкчылыктар бар.
Элкарт+ менен ыңгайлуу саякаттаңыз, артыкчылыктардан пайдаланыңыз жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз.
