Грузияга эки кишилик саякат утуп алды!
«Банктар аралык процессинг» борбору ЖАК «Элдик Банк» ААК менен биргеликте 2023-жылдын 15-ноябрынан 2024-жылдын 15-майына чейин өлкө боюнча өткөрүлгөн «Элкарт Менен Белек Ал» акциясынын жыйынтыгын чыгарышты.
Акциянын жеңүүчүлөрү менен «Элдик Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын Орун Басары Оралбек Чомоков жана «БАПБ» ЖАКтын кызматкери Айбек Ойтпаев жолугушту. Үчүнчү жана төртүнчү аралык этаптардын жеңүүчүлөрү татыктуу термикалык казан жана чаң соргучтар менен сыйланышты, ал эми негизги этаптын жеңүүчүсүнө Грузияга эки кишилик жолдомо берилди!
Бардык катышуучуларды жана жеңүүчүнү куттуктайбыз!