Меню

Эл аралык тазалык күнү (World Cleanup Day) – Эстонияда пайда болгон жана адамдарды планетанын булганышынын глобалдык көйгөйүн чечүүгө катышууга үндөгөн жыл сайын өтүүчү экологиялык акция. Сентябрдын үчүнчү ишембисинде дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар биригип, экологияны сактоого багытталган массалык тазалоо жана башка иш-чараларды уюштурушат.

Тилекке каршы, көп адамдар таштанды челектери сыяктуу жашаган жерлерине маани беришпейт. Муну кантип токтотуу керек? Албетте, өзүңдөн баштап, жаштарды жеке үлгү менен тарбиялоо. Эл аралык тазалык күнүнө карата Элкарт картасынын ээлери планетанын глобалдык булганышына каршы күрөшүүгө салым кошкон өздөрүнүн эко-адаттары менен бөлүшүштү. Таштандыларды сорттоо, полиэтилен баштыктарынан баш тартуу, сууну жана электр энергиясын үнөмдөө, ишембиликтерге жана экологиялык чакырыктарга катышуу, жергиликтүү аймактарды жашылдандыруу – булар биздин кыргыз элинин күнүмдүк ишинин кичинекей гана бөлүгү.

«Мен экологиялык демилгелерди активдүү колдоп, эко-акцияларга катышам. Бир нече жылдан бери «Эко Деми» коомдук фондунун волонтерумун – жаратылыш аймактарын тазалоо жана экологиялык билим берүү боюнча иш-чараларды уюштуруп келем. Күнүмдүк жашоомдо бир жолу колдонулуучу пластик колдонууну токтоттум:  көп жолу колдонулуучу суу бөтөлкөсүн жана эко-баштыктарды жанымда алып жүрөм. Таштандыларды иргеп, калдыктарды азайтууга аракет кылам. Мен ошондой эле энергияны үнөмдөөчү шаймандарды колдоном жана кыска душка түшүү жана тишимди жууганда сууну өчүрүү менен сууну үнөмдөйм. Кичинекей кадамдар дагы биздин планетаны сактап калууга чоң салым кошо аларын эстен чыгарбоо маанилүү!” —  “Элкарт” карталарынын колдонуучулары тажрыйбасы менен бөлүштү @_kurandiev_.

«Үйдүн жанына, бакчага бак-дарактарды отургузуп, жыл бою сугарып, кам көрөм. Тамак-аштын калдыктары менен белчелерди жана канаттууларды багып, таштандыларды таштанды челектерине гана ыргытам”, – деп жазган @nataliya19744.

«Мен демөөрчүлөрдү тартып, Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругуна 14, Падыша-Ата мамлекеттик коругуна 10 таштанды челек орноттум. Анан ошол коруктарга жаштар менен 2-3 жолу барып, аймакты тазалап, таштандыларды чогултуп келдим», – дейт @adylzhan.sh.

Тилекке каршы, массалык адепсиздик гүлдөп турганда, атайын кызматтар көзөмөлдөнбөгөн калдыктардын учурдагы көлөмүн көтөрө албайт. Өлкө калкын тазалыкка бала кезинен үйрөтүү керек – бул экологиялык көйгөйлөрдү жок дегенде жергиликтүү деңгээлде чечүүгө мүмкүндүк берет. Укум-тукумунун коопсуздугу жана бакубаттуулугу – алар кандай аба менен дем алат, кандай экологиялык шарттарда жашайт деген маселени ойлонуу керек.

«Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАК Эл аралык тазалык күнүнө арналган экологиялык иш-чаралардын бардык катышуучуларына айлана-чөйрөгө болгон аң-сезимдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирет жана бардык кыргызстандыктарды бул асыл демилгелерди колдоого чакырат: пластикти колдонууну минималдаштыруу, таштандыларды сорттоо, тазалыкты сактоо, этият болуу жаратылыш менен, туулган Кыргызстанды сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да коргоп, сүйгүлө!