«Элкарт» Улуттук төлөм системасы бардык кыргызстандыктарды келе жаткан Май майрамдары – Эмгек күнү, Конституция күнү жана Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул даталардын ар бири элибиздин тарыхында, жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт:
∙ 1-Май – Эмгек күнү – өз эмгеги менен өлкөнүн жана өз мекенинин жаркын келечегин куруп жаткандардын майрамы.
∙ 5-май – Конституция күнү – коомдун негизги баалуулуктары: биримдик, мыйзамды сыйлоо, адилеттүүлүккө умтулуу жана татыктуу жашоону эскертет.
∙ 9-май – Жеңиш күнү – ардагерлерибизге ыраазычылык билдирүү жана алардын эрдиктерин эскерүү күнү.
Май майрамдары сиздерди жаңы жетишкендиктерге шыктандырып, жаңы идеяларды, оптимизмди жана келечекке ишенимди алып келсин.
Ишенимиңиз үчүн рахмат – биз ийгиликтүү келечекти бирге куруп жатабыз! Ар бир күнүңүзгө тынчтык, бакубатчылык, жаркын окуялар жана кубаныч каалайбыз.
Майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!