Меню

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Кыргызстандын Банктар бирикмеси улуттук төлөм системасын өнүктүрүүгө жана санариптик төлөмдөрдү өркүндөтүүгө зор салым кошкон «БАПБ» ЖАКтын кызматкерлерин сыйлады.

Алардын жогорку кесипкөйлүгү, көп жылдык ак ниет эмгеги жана компаниянын жана жалпы банк тутумунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары менен төмөндөгүлөр сыйланышты:

  • Арстанбек Токтобекович Кайназаров – Системалык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
  • Назгүл Тагайбек кызы – Карточка жана талаш-тартыш кызматтары бөлүмүнүн башчысы;
  • Эрмекова Эрдиана Эрмуканбетовна – Долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Сыйлоо аземи «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКында өттү. Кызматкерлерге сыйлыктарды башкармалыктын төрагасы Туратбеков Алтымыш Туратбекович  тапшырып, алардын жогорку кесипкөйлүгүн, ишке берилгендигин жана тармактын өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи.

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жамааты кесиптештерин сыймыктануу менен куттуктайт жана аларга жаңы ийгиликтерди, кызыктуу долбоорлорду жана кесиптик жеңиштерди каалайт!