Меню

Санариптештирүү доорунда төлөмгө байланышкан чечимдер бизнестин дээрлик бардык түрлөрүн өнүктүрүүдө өзөктүк ролду ойнойт. “Элкарт” Улуттук төлөм системасынын оператору катары “БАПБ” ЖАК аталган системанын тикелей катышуучусу болгусу келген төлөм уюмдарынын өкүлдөрүн билим берүүчү семинарга чакырды. Бул семинарда ыктымалдуу өнөктөштөр мумкун болгон өз ара байланыш жолдору тууралуу, “Элкарт” системасына кошулуу үчүн коюлган милдеттүү талаптар жана катышуучуну “БАПБ” ЖАК системасына кошуунун негизги этаптары жөнундө маалымат алышты.

“БАПБ” ЖАКтын төлөм платформасы улуттук карталарды чыгаруу, төлөмдөрдү процесстөө жана жаңы финансылык чечимдерди киргизүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол эле маалда платформа ийкемдүү, коопсуз жана ишенимдүү. Коммерциялык банктардын кызматкерлеринин катышуусу менен “Элкарт” Улуттук төлөм системасынын карталарын пайдалануу менен операцияларды жүргузүүгө мүмкүндүк берген айрым өнүмдөр жана функционалдар да кошумча талкууланды. “БАПБ” ЖАК менен кызматташуунун мүмкүн болгон түрлөрү, транзакцияларды жүргүзүү механизмдери, угуучуларды кызыктырган өнүмдөр семинарда көңүл чордонунда болду.

Төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү консультациялардын мындай форматы натыйжалуу экенин белгилешти. Бул формат конструктивдүү диалог формасында көптөгөн маселелерди чечүүгө, кызматташуу процессин тездетүүгө жана Кыргызстанда төлөм мейкиндигин өнүктүрүүгө жаңы дем берүүге шарт түзөт.